Коомдук ишмер, саясатчы Ахматбек Келдибеков, кечээ 14-сентябрда маданият өкүлдөрүнүн президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу жалган маалымат катары бааланышы керектигин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, текстке кол койгондордун айрымдары текстте И.Исаковдун, Ж.Жолдошеванын, А.Келдибековдун аты-жөнү болгон эмес экендигин далилдеп беришкенин айтат.

«Жогорудагы кайрылууну жазган адамдар сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Антпесе, бул кайрылуу жалган маалымат катары бааланышы керек. Ошондой эле далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдарды жоопко тартуу кажет.

Кыргыз Республикасынын Президенти катары Садыр Жапаровдон 2021-жылдын 14-сентябрында соцтармактарга жана айрым массалык маалымат каражаттарына “И.Исаков, А.Келдибеков, Ж.Жолдошева жана башкалар 17-сентябрда 100 миң адамдарды чогултуп митинг жасап, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берип, алардын тарапташтары курал-жарак чогултуп жатат экен” деген акылга сыйбас, элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган жалган маалымат ээлерин жана көшөгө артында турган кожоюндарын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазалоону суранам. Анткени, мен кайрылууга кол койгон айрым адамдар менен сүйлөштүм. Алар кол койгон тексте И.Исаковдун, Ж.Жолдошеванын, А.Келдибековдун аты-жөнү болгон эмес экендигин далилдеп беришти. Ошондуктан бул шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы деп билем. Ошондуктан мындай адамдар сөзсүз түрдө иликтенип жазаланышы керек деп ойлойм.

Анткени, саясат –бул көшөгө артында, аялдардын көлөкөсүнө жашынып алып саясий оппонентерин каралоо эмес, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн кыл чайнашуу. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөө  бул нерсени жеке өзүнүн эрдиги катары мүнөздөп, эч ким билбейт деп ойлоп жатса чын-чынында ал өзүнүн саясий бечелдиги менен адамдык алсыздыгын гана көрсөтүүдө.

Ал эми коомчулукта жасалма түрдө айгай салгандар, элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. Ал эми жалган маалымат шуугулданган алсыз саясатчыларга мамлекет менен элдин кызыкчылыгы жеке дымак менен сезимден өйдө турушу керек деген кеңеш айтам», — деп жпзпт Келдибеков.

Эске салсак, буга чейин ЖМК да маданият өкүлдөрүнүн Президентке кайрылуусу жарыяланган. Анда, бир топ саясатчылар биригип, 17-сентябрда 100 миң киши алып чыгары айтылган.