Президент  Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадорду Эгемендик күнү менен куттуктады.

Жапаров Андрес Мануэль Лопес Обрадорго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Мексика элине тынчтык, бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

«Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Мексика элин Эгемендик майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиз. Кыргызстан менен Мексика Кошмо Штаттарынын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде андан ары бекемделет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо  текстинде.