Түркмөн маалымат каражаттары Ашхабад полициясынын кызматкерлери  чолок шым кийгендерди көчөдөн токтоткуп, айыпка жыгып, кийимин алмаштырууну талап кылышканын жазып чыгышты.

Басылмалар жазгандай, бул шаардын негизги көчөлөрүндө жана кээ бир мекемелерде болууда.  Мисалы, кире бериште нөөмөттө турган милиционер түркмөн-түрк банкынын кардарынан кийим алмаштырууну талап кылган. Милиция кызматкери кардарды өткөрүүгө банк кызматкеринин өтүнүчүнө карабай, ал кишини банкка киргизген эмес . Ал ошондой эле кезекте турган башка конокторго азыр жарандарга борбордогу коомдук жайларга чолок шым же тапичке менен коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынганын эскерткен.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жарандарга жаңы талаптарды киргизүүнүн себебин түшүндүргөн жок.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, Түркмөнстанда айтылбаган жаңы эреже киргизилгендир, анын жардамы менен бийлик мезгил -мезгили менен жарандардын сырткы көрүнүшүн жөнгө салууга аракет кыларын жазышууда.

Буга чейин аялдарга чачын ачык түстө, тырмакты ачык түстө боёого, ошондой эле тар көйнөк кийүүгө, 40 жашка чейинки эркектерге сакал коюуга тыюу салынганы маалымдалган.