Үстүбуздөгү жылдын 26-27 сентябрында Ош шаарынын  борбордук аянтында туризм индустриясына өнүктүрүүгө багытталган «Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында» туристтик көргөзмө-жарманке  өтөт. Бул тууралуу редакцияга уюштуруучулар билдиришти.

«Экономика жана финансы Министрлигине караштуу Туризм департаменти, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган эл аралык аренада туризмди өнүктүрүү тарыхында алгачкы жолу «Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021»  аттуу биринчи ири аймактык туристтик форумду жана «Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында»  аттуу туристтик көргөзмө-жарманкени өткөрүүлөт», –  деп билдирди уюштуруучулардын бири Назира Бегим.

Маалыматка ылайык, программада:

– эл аралык көргөзмө-жарманке,

– этно-базар;

– ири Аймактын алгачкы туристтик Форуму;

– этно-музыка;

– Болливуд жылдыздарынын концерттик программасы;

-ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү;

– глемпинг-туризм;

– туризмди туруктуу өнүктүрүу боюнча талкуулар;

– “ ири аймактык турбизнес жаңы шарттарда” аттуу тегерек стол;

-жергиликтүү ышкыбоздордон атайын маданий программа;

– эл аралык коноктор үчүн экскурсия жана маалымат-саякаты;

– туризм жаатындагы мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;

– “Дүйнөгө кат” долбооруна катышуу жана башка иш-чаралар камтылат.