Бүгүн, 16 -сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана социалдык-маданий, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө, Өзбекстанда боло турган президенттик шайлоо жөнүндө сөз болду.

Анда Ош шаарындагы Өзбекстандын жарандарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн добуш берүүнү уюштурууга жардам берүү маселеси көтөрүлдү.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов жер-жерлерде добуш берүүнү уюштуруу боюнча колдоосун билдирип, керектүү жардам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Элчиси шаардын 4 ЖОЖунун базасында 18-20-октябрда добуш берүүнү уюштуруу пландалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын элчиси санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде жогорку технологияларды киргизүүгө жардам берүүнү сунуштады.