2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Бул тууралуу БШКнын бама сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрында 9-00дөн 12-00гө чейин өтөөрү белгиленди.

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри А.Д. Халбеков берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулган.

БШК мэрди шайлоону санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштурууну тапшырды.