Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча камалган Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ААКнын мурдагы директору Салайдин Авазов боштондукка чыкты. Бул тууралуу маалыматты  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алар жаза мөөнөтү аяктагындыгына байланыштуу эркиндикке чыгышкан.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча бир катар аткаминерлер күнөлүү деп табылып, камакка алынган.

Анда Айбек Калиев 15 жыл, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.