Кыргызстанда 18-августтан тарта жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башталган. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлү Канатбек Шамыров кабарлады.

18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар комиссиядан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келиши керек.

2021-жылдын күзгү чакырыгына 3 миңден ашык жаранды аскердик милдет өтөөгө жана 10 миңден ашык адамды альтернативдик кызматка чакыруу пландалууда.

Аскерге биринчи кезекте 20 жаштан өйдөкү жогорку окуу жайды, кесиптик-техникалык окуу жайды жана Куралдуу күчтөргө керектүү адистиктер боюнча бүтүргөндөр чакырылат.

Күзгү чакырык 30-ноябрга чейин уланат.