Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 15-сентябрда Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар ар кандай тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Чубук муниципалитетинде Курманжан датка паркын ачуу жана анда анын эстелигин орнотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууну ырасташты.