Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумдун жүрүшүндө ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары катышуучу-мамлекеттердин туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты.

Жыйын Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.

ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма жылдыгынын Душанбе декларациясы.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы антинаркотикалык стратегиясынын программасындагы пункттарды ишке ашыруу боюнча иш планын (2021-2023-жж.) бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жойуу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  7. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  8. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антиттеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  9. Шанхай кызматташтык уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  10. Шанхай кызматташтык уюмунун «Жашыл алкак» программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Регионалдык антитеррордук кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  14. Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  15. Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  16. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда өнөр-жай өнүгүүүсү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  17. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  18. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  19. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  20. Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  21. Катар Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  22. Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  23. Сауд Аравия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  24. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө билдирүүсү.
  25. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча билдирүүсү.
  26. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
  27. ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын объектилерин коргоо боюнча жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
  28. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  29. Шанхай кызматташтык уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан аркы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-жж.).
  30. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.