Чүйдүн Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 жана калибри 5,45 × 39 мм болгон ок-дарылар жашырылган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Азыркы учурда алынган куралдын келип чыгышын жана бул жашырууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ошол эле учурда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.