Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрында иш сапары менен Тажикстан Республикасында болуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

ЖККУ саммитинде уюмдун катышуучу-мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин жана алардын ЖККУга мүчө-мамлекеттерге тийгизген таасирин талкуулашты. Талкуунун маанилүү маселелеринин бири Афганстандагы кырдаал жана анын уюмга мүчө-мамлекеттерге тийгизген таасири болду.

ЖККУ саммитинин жыйынтыгы боюнча уюмдун мүчө-мамлекеттеринин декларациясы кабыл алынып жана бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Уюмдун 20 жылдыгына арналган ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунда, катышуучу-өлкө лидерлери уюмдун бул мезгилдеги негизги жыйынтыктарын, ШКУ алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана перспективасын, пандемиянын кесепеттерин биргелешип жойуу боюнча кадамдарын, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жыйын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары ШКУ курамын кеңейтүү боюнча чечим кабыл алышып, уюмдун ырааттуу өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекет делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышты.

Белгилей кетсек, ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өттү.

Иш сапары аяктаган соң, президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди.

Иш-чара Өзгөн шаарында өтөт. Түз чагылдыруу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларында болот.

Башталышы: 20:25