Журналист Адиль Турдукулов Президент Садыр Жапаровдун Душанбедеги билдирүүлөрү тууралу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган:

«Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ичиндеги бардык кемчиликтерге карабай, тышкы саясатта кыраакы, көз карандысыз жана чыныгы лидер экени көрсөтүп жатат.

Душанбедеги жолугушуда ал башкалар айтуудан корккон пикирлерди айтты:

— Биз талибдер менен чыныгы күч катары сүйлөшүшүбүз керек, анткени бул улуттук жана регионалдык коопсуздуктун маселеси;

— Ошондой эле ЖККУ (ОДКБ) өз мүчөлөрүн коргой албаган алсыз уюм экен. Бул абдан катаал билдирүү.

P.S. Сүрөткө келсек, бул манипуляция. Дүйнөдө ким эл аралык аренада көчө адамы деп эсептелет, бул албетте СНЖ эмес.

«Я, конечно, презираю отечество мое с головы до ног — но мне досадно, если иностранец разделяет со мною это чувство» Пушкин», — деп жазган Турдукулов.