Кыргыз аялдын жүзү кандай..? Назик, оор басырыктуу, мээримге толгон жүрөгү бар, боорукер, калчайбаган кайраты, сынбаган сабыры менен бүткүл тоскоолдуктарга туруштук берип келе жаткан асыл жан деп билем. Жүрөгү тилинип, жан-дүйнөсү миңге бөлүнүп талкаланып жатса дагы, камыр кылып кайра жууруп, өз жолун өзү чийген акылман адам. А бирок баркы бааланбай басмырланып, кадыры каадалуу болбой калды. Дегенимдин себебин чечмелеп бергим келет…

Өзүм илгерки кайсы бир окуу жайдын жатаканасында жашайм, азыр ал жер – жеке менчикке өткөрүлүп, ар ким өз тиричилигин кечирүүдө. Жашап жатканыма бир жылдан ашып калды. Алыскы тууганымдан жакын болуп, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо кубанган кошуналарым бар. Көпчүлүгү турмуштан ыза болуп калган эже- сиңдилер.

Тың десе тың, өз оокатын мыкты билген, сулуу десең бир караган адамды өзүнө тартып ала турган чырайы бар айымдар. А бирок, көздөрүндөгү нур эбак өчүп калган. Ичинде ит өлүп жатса дагы, сыртынан сыр бербей, жаркылдаган эже бар. Баласы боюнда беш айлык кезинде, ошондогу жолдош сөрөйү жаш кызга алмаштырып, курсактагы баласы менен орто жолго таштап баса бериптир. Аял киши ат көтөргүс жүктү моюнга илип алып, өмүр бою ташыйт экенбиз го… Жалгыз башы менен, турмуштун туңгуюк жолуна түшүп алып, тагдырдын татаал көчөлөрүн басып өткөнүн азыр күлүп гана айтып берет. Бир гана үмүтү – кызы… 10- класс окуп, оокатка жарап, оорун колдон, жеңилин жерден ала коюп, тээ илгерки эски жараларын ушул кызынын барлыгы менен бүтөп жаткандай сыр калтырат. Бүгүнкү үмүтү – эртеңки жаркын жашоосу болсо деген тилегим күч!

Жаркынай деген кошунам бар. Таптатынакай чырактай кыз, болгону 21 жашта. Турмушта жашыңа карап сыналбайт окшойсуң. Келечекке болгон таттуу кыялдарын, жигитим деп жүргөн адамы талкалап койгон. Азыр 8 айлык кош бойлуу, «алдыда мени эмне күтөт» – деп ойлуу тиктеп отуруп калмай жайы бар. Анан кантсин..? Мындайда ар кыл ойлор каптап алат эмеспи… Бир билгеним, кандай жагдайда болбосун, мен анын аркасындамын!

Себеби, ал баса турган жолду бир жыл мурун өзүм басып өткөм. Ал кыйынчылыктын даамын жакшы татып алган адам гана чындап күйбөсө, сырттагы адам боор оорумуш болуп коет. Андайды жалгыз бой аял жек көрөт.

Баарынан дагы жек көргөнүм – жоопкерчиликти сезбеген эркектер. Бул дүйнө – кайтаар дүйнө экенин унутпасак. Силерден көргөн кордукту, алдыда өз кызыңар, карындашыңар же башка жакыныңар көрмөйүн бул нерсе аттап өтпөсүн аябай жакшы билдим.

Өткөндө башка бир улуттагы байке менен иш боюнча таанышып калып, кайра дагы жолугушууга чакырды. Жолуктук… Сөз ортосунда «кыргыз айымдары эшикте эркек, үйдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар» экен дейт. Силерде андай эмеспи десем, «бизде аял  киши наристе төрөп бергени үчүн гана, төрдө сыйланып отурушат, сыртка чыгып оокат кылбайт, чет жактарга кетип, үй-бүлө багайын деген максатты аркалабайт, бир гана милдети – бала багуу» –  дейт.

Бааланып баркталбаган кыргыз аял үчүн ичим күйдү.

Аядым… Өзүмдү… Жанымдагы жароокер  асылдарды… Жалпы жанын карч уруп, эшикте эркек, үйдө эне болгон кыргыз аялды аядым..!

Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.