Эртең, 21-сентябрда 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, убактылуу өчүрүү «Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу. «Турак үйлөр, мектептер, мектепке чейинки мекемелер, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объекттери жана өндүрүш суусуз калат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өчүрүү Достоевский, М.Горький, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы, «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полиция шаарчасы» жаңы конуштары чектешкен аймакта болот.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан, уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну суранат.