Кочкор районунун аймагында 13-сентябрь күнүнөн 15-сентябрь күнүнө чейин “Арсенал” ыкчам профилактикалык иш-чараларды өткөрүү менен уруксат берүү системасына кирген бардык обьектилердин ок атуучу курал жарактарынын, ок- даарыларынын мыйзамдуулугу текшерилип, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөндөрдү аныктоо, аларды бөлүмгө өткөрүү боюнча райондун аймагында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор районунун тургуну 1960-жылы туулган С.Т. аттуу адамдын үйүнөн мыйзамсыз 1 даана 12-калибрдүү ок атуучу курал, 1 даана белгисиз үлгүдөгү номери жок пневматикалык тапанча жана 12-калибрдүү 525 даана, 16-калибрдүү 209 даана, 7.62-39-калибрдүү 500 даана, 7.62-51-калибрдүү 140 даана, 5.6-калибрдүү 3600 даана ок-даарылары табылып, Кочкор РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинин 2- бөлүмү (Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Мындан тышкары Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну Т.А. короосун бузуп жатып мыйзамсыз 1 даана 12-калибрдүү ИЖ-58 МА, ок атуучу куралын таап алып, өз ыктыяры менен Кочкор РИИБнө өткөрүп берген.
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы