2021-жылдын 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын «Run the Silk road» марафон федерациясы тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарында өткөн «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов өзү курактагылар арасындагы 21.1 км аралыкта чуркоодо биринчи орунду ээледи. Ал 1 саат 47 мүнөт 35 секундда чуркап келген.

Ал алтын медаль жана диплом менен сыйланды.
Кыргыз милициясынын ардагери, милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал 4 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан. Жашы 65те.

Биздин генералга бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалап, алдыда дагы спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы