Ушул жылдын жети айында Кыргызстандан тышка 291 миллион 980 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, каражатты жеке тараптар атайын система аркылуу которгон.

Учурдагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,8 миллион долларга көп.

Ошондой эле бул рекорд экенин ар кайсы жылдагы январь-июль айларындагы маалыматтарды салыштыруу менен байкоого болот:

2020 — 259 миллион 230 миң доллар;

2019 — 291 миллион 970 миң доллар;

2018 — 285 миллион 250 миң доллар.