2021-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы (КАТО), Жөө туризм союзу (TUK) жана “Гринтур Кыргызстан” долбоору Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата экологиялык ишембилик-акция өткөрүштү.

Бул акция туристтик маршруттарды булгоо көйгөйү боюнча маалымдуулукту жогорулатууга, экологиялык практиканы жайылтууга багытталган: таштандыларды туура чогултуу, сорттоо жана кайра иштетүү.

Туризм Академиясы, Орто Азиядагы Кыргыз-Корей Колледжи жана Институту, Кыргыз Экономикалык Университети аттуу адистештирилген Жогорку окуу жайлардын жүздөн ашык студенттери жана Жөө туризм союзунун (TUK) отуз өкүлү Көл-Төргө (Кегети капчыгайы) баруучу жолду жана анын айланасын таштандылардан тазалашты.

Уюштурулган иш-чаранын жыйынтыгында 48 кап таштанды чогултулуп жана сорттолду, капчыгайдын башынан көлгө чейин 14 км. аралыкты басып өтүштү. Кайра иштетиле турган таштандылар “Тазар” колдонмо тобунун жардамы менен чогултуу пункттарына өткөрүлүп берилди.