Экономика

Центерранын акциялары 2,08% га кымбаттады

 Канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc. (CG.TO) компаниясынын Торонто фондулук биржасында акциялары 2.08% га жогорулады.

Соода сессиясынын аягында бир акциянын баасы 7.29 доллар деп  бекитилди (9.32 CAD, +0.18999958 CAD). Өткөн суткадагы сооданын жалпы көлөмү 360 604 акцияга жеткен.

Күн ичинде Centerra акциялары 7,06 доллардан 7,31 долларга чейин баада сатылды.

Кыргызстандын Центерра Голддогу 28,8% өлчөмүндөгү акция пакети кечээки сооданын жыйынтыгында 564 017 841 долларга чейин кымбаттады.

Centerra Goldдун акциялары Торонто фондулук биржасында дүйнөнүн эң ири алтын казуучу компаниялары S & P / TSX Global Gold Indexтин өсүшүнүн натыйжасында пайда болду. S & P / TSX Global Gold Index алдында 0.22% га жогорулап, 214.73 долларга (274.64 канадалык доллар) жеткен.

—Centerra Gold Inc. Канадалык алтын казуучу компания болуп саналат. Кыргызстандагы (Кумтөр) жана Монголиядагы (Боро) алтын кендерин иштетүү менен алектенет. 2016-жылдын июль айында Канадада ири алтын-жез кенин сатып аларын жарыялаган.

—Акциялардын 28,8% ын топтогон Centerra Goldдун эң ири акционери «Кыргызалтын» ААК болуп саналат, анын 100% ы өз кезегинде Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фондуна (ФУГИ) таандык.

—Кыргызстандын ИДПсынын көлөмүндөгү Кумтөрдүн үлүшү 2015 -жылдын жыйынтыгы боюнча 6,8%ды түздү, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү  жана экспортто 22,5%жана 39,7%ды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button