Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 21-сентябрда кол койгон.

Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.

Эки жогорку билимдин ээси, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.