Рыспек Сарпашов берген арызынын негизинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекичиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө  ылайык, Айдар Дыйканбаев ишкананын директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Рыспек Сарпашовдун кызматтан алынышы бир күн мурун белгилүү болгон, бирок муниципалитет бул маалыматка комментарий берген эмес.

Эске салсак, Рыспек Сарпашов муниципалдык ишкананы 2010-2012, 2014-2018-жылдары жетектеген. 2018-жылдын августунда ал турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп дайындалган, андан кийин 2019-жылдын октябрында кайрадан «Тазалыкты» жетектеген.