Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сөз талаша кетип бир тууганын өлтүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы Б. кызы Б. ошол эле айылга караштуу Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 136-берененин («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

«Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып асып койгондугу белгилүү болгон. Кылмышка шектүү менен маркум атасы башка энеси бир, бир туугандар болгон, сөз талашып уруша кетип аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү 2 айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.