Тазалык» муниципалдык кызматынын  маалымат катчысы Жибек Каракеева   Фейсбуктагы баракчасына мындан ары «Тазалыкта» иштебей турганын, мекемедеги алгачкы иш күндөрүү тууралуу жазды.

«Бул менин биринчи расмий жумушум. Жумушка барган биринчи күнүм эсимде, 2ГИС тиркемесин иштетип алып келдим. Кичи автобуска отурдум, жаңылбаш үчүн даректи алдын ала Гуглдан карадым, Рыспек Сарпашовдун сырткы келбети кандай экенин карап алдым. 22 жашта болчумун. Көз айнегим күлгүн эле, балким кимдир бирөө аларды эстейт (айтмакчы, көз айнегим дагы эле бар). Биринчи күнү мага «Тазалык» баракчасын ачып, аны иштетип кетүүмдү айтышты. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын баракчасы ушинтип пайда болгон. Башында эки гана катталуучу болгон, ал менин жетекчим жана Эркинбек Исаков (ошол кезде турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр).

Анда мен эмнени, кантип кыларымды билген эмесмин. Мен баракчаны жөн эле күндөлүк катары алып кетүүнү, биздин иштер тууралуу жөнөкөй сөздөр менен айтып берүүнү чечтим. Күн сайын ар бир постко Эркин Күмөновичтен бирден лайк алдым. Кийинчерээк мекеменин баракчасы тууралуу адамдар көбүрөөк биле баштады жана азыр 6 миңге жакын жандуу катталуучу бар.

Арадан 4 жыл өттү. Жок, бул убакыттар өткөн жок, учту. Кечээ гана башталгандай сезим болуп жатат. «Тазалык» бул жөн эле жумуш эмес, бул жашоонун мектеби. Көптөгөн жаңы таанышуулар, жумуштан жана адамдар менен баарлашуудан чоң тажрыйба алуу, стресске туруштук берүү, өзүн кармай билүү, бир жерде багынуу, кээде кадам таштоо… Баштан өткөн нерселерди тизмектесе чексиз. Мен иштешкен бардык адамдарга, биз менен байланышкан бардык шаардыктарга рахмат айткым келет жана биз тургундарга кандайдыр бир деңгээлде жардам бере алдык. Рыспек Анакович, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк бергениңиз, жетекчилигиңиз, кеңешиңиз жана колдооңуз үчүн рахмат. Мен сизди ар дайым эстейм. Коштошуп жатканда “Ар дайым ушундай бол. Эч качан жеңилбе» дедиңиз. Ушундай гана болот. Убада.

«Тазалык» — бул жөн эле ишкана же мэриянын түзүмү эмес. Бул чоң жана ынтымактуу үй-бүлө, шаарыбызды таза жана жарык кылган жөнөкөй жана ак көңүл адамдардан турат», — деп айтылат билдирүүдө