Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Бурун Аманова Пермдеги ок атышууга токтолуп, өлкөдөгү өспүрүм балдардын абалына кызыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул эки Казань жана Пермь шаарындагы окуялар окшош болууда. Балдар компьютердик оюндарды ойноп жүргөнү аныкталган.

«Жаш өспүрүмдөр курал алууга лицензиясы бар болуп чыкты. Бул өтө кооптуу маселе.  Биздин ЖОЖдордо абал кандай? Бул балдар көптөн бери акча чогултуп жүргөнү маалым болду. Мунун баары компьютердик оюндардын кесепети. Учурда болуп өткөн окуялар ар бир ата-эненин жүрөгүн өйүгөн маселе болууда. Мурда мындай окуялар алыскы Америка, Европада болуп келсе азыр бизге жакынкы мамлекттерде болууда. Мындай нерсе бизде болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан биз ички иштер министрин жана билим берүү министрлерин чакырып, азыркы өспүрүмдөргө  тушүндүрүү иштери жүргузулүп жатабы маалымат алалы. Балдар менен психологдор иштешеби ушулар утуралуу маалымат беришсин», — дейт Аманова.