Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Чоң-Алай районундагы кендерде «Кумтөрдөн» кем калбаган коррупциялык схема аныкталган.

«Чоң -Алай районундагы «Кара-Казык» жана «Айдарбек» алтын кендеринде түзүлгөн коррупциялык системага калыс баа берип, коррупциянын бетин ачып,  мамлекетке жегенин кайтарып берүү боюнча элдин кайрылуусун, фактынын негизинде дагы айттым. «Кумтөр» алтын кенинен кем калбаган коррупциялык система жогорудагы катта толук камтылган.

Бул маселеге бир канча жолу кайрылып, алдыңкы  мыйзамсыз иштер тергөөгө өткөн.

Элдин байлыгы, келечектин ырыскысы- бир ууч чиновниктерге эмес, эл үчүн болуусу керек.

Буйруса бул иштердин жыйынтыгы чыкканча бар аракетти жумшап, элибиздин  кызматында болобуз», — дейт эл өкүлү.