Бишкекте өткөн “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чарада “Тез жардам”кызматына жол бербеген айдоочуларга 2 сааттын ичинде 70 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейд “Тез жардам” кызматына жол бербеген айдоочуларга багытталган. Жыйынтыгында мындай аракеттерди болтурбоо үчүн айрым айдоочулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эртең мененки саат 10:00дөн 12:00гө чейин Бузуулар кодексинин 123-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 7 протокол түзүлүп, 70 миң сом айып пул салынган.

“Коронавирус пандемиясы учурунда Бишкек шаарынын аймагында транспорттук тартипке көзөмөлдү күчөтүү максатында “Тез жардам” кызматы жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бирок айдоочулар “Тез жардамды” өткөрбөйт жана жол бербейт. Мындай көрүнүштөр калкка сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө зыянын тийгизет”, – деп кошумчалашты кайгуул кызматынан.