Коом

Жалал-Абадда «Куран жазы» аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Байге фонду 2 млн сом

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы I “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышын өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.
15-сентябрга чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн карылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат. Ал эми 25-сентябрь күнү финалдык беттеш Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде өткөрүлөт.

ЭСКЕРТҮҮ: Конкурска катышууга талапкерлердин жаш курагына чектөө коюлбайт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

  1. Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү
  2. Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү
  3. Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

  1. Кыргызстандын жараны болуусу
  2. Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат
  3. Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт
  4. Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат
  5. Катышуучулардын саны чектелбейт.

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

• 1-орун -100 000
• 2-орун -70 000
• 3-орун 50 000

20-ПАРА БОЮНЧА:

• 1-орун -150 000
• 2-орун -100 000
• 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

• 1-орун -200 000
• 2-орун -150 000
• 3-орун 100 000

Куран жарыштын жалпы фондусу — 1,5 миллион сом. Демөөрчү «Бай дыйкан» дыйкандарды колдоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрлист Акунбеков.

Бул туурасында долбоордун жетекчиси: Курбанбеков Мухаммадяр каары билдирди.

Байланыш телефондору: 0770644438, 0773671225, 0708383840, 0558500806

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button