Индиянын Нью-Дели шаарында болгон кыргызстандык келин М.Ж. жана анын баласы М.Ч.нын өлүмдөрүнө байланыштуу каргашалуу окуя тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 21-сентябрына караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон.

Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видеобайкоо камераларынын жаздыруулары изилденүүдө.

Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары КР жаранын жана анын баласын Кыргызстандын аймагына коюуга макул болушкан.

Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө.