Бишкек мэриясы автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча шаардык кеңештин токтомунун долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын пикирин эске алуу менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештен чакыртып алууну тапшырды.

“2010-жылкы Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа Транспорт жана коммуникация министрлигине өткөрүлүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.