«Кумтөр» тарабынан каржыланган эки фонддун жабылышы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 Жарлыгын натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын экологиялык тутумун мындан ары карай өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия түзүүсү тийиш.

Белгилей кетсек, «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» жана «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонддорунун жабылышы тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Маалымдама: «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 токтомуна ылайык түзүлгөн.

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 токтомуна ылайык түзүлгөн.