Октябрь окуяларынан бери Кыргызстандын тышкы жана ички саясатында өтө көп суроону жараткан окуялар болууда. Кымбатчылык, пандемия, жоготуулар, саясый камоолор, Кумтөр, айтор жаңылык көп. Алдыда Жогорку Кеңешке болгон шайлоо турат. Мына ушул маселелердин айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев менен баарлаштык.

https://youtu.be/Npe0goWfVNw

— Бакыт Эргешович, сиздердин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Жогорку Кеңештин  өткөн жылдагы шайлоосуна катышкан жок эле, быйылкы жылы дагы тизмеге кирген жоксуздар. Эмнеден улам катышкан жоксуздар, же бул жолу шайлоого  бир мандаттуу округдан аттанасызбы? Эл арасында “Биз билгенбиз” деген учкул сөзүңүздөр айтылып калат…

— Сиз айткандай «Биз билгенбиз» деген учкул сөз фейсбук аркылуу тарап, коомчулукка кеңири белгилүү болду. Ал кезде Жогорку Кеңешке шайлоо болмок. Мен Жогорку Кеңештин комитеттинде: «Шайлоодо административдик ресурс колдонгон партия, анан акчасы көп эки эле партия утат, нааразычылык болот»,- деп айткам. Эмненин негизинде айттым? Ар бир саясатчы коомдогу процесстерди анализдейт. Ошол учурда кырдаал курчуп,  нааразычылык күч болуп, күчтүү партиялар да өтпөй калаары байкалып калды. Ошондон улам партиялаштар кеңешип шайлоого барган жокпуз.

Бул жолу деле шайлоо оңой болбойт. Анткени уюштуруу иштери оор болот. Кризистик абал өкүм сүрүп жатат. Ал эми биздин партия боюнча айтсак, шайлоого катышууга арыз берген жокпуз. Анткени партия ичинде сүйлөшүү жүргүздүк. Биздин айрым балдар бир мандаттуу округдан шайлоого бармай болушту, партиянын кээ бир мүчөлөрү башка партия менен биригип барууну туура көрүштү.

Азыркы жаңы мыйзам тандоо укугун берди. Буга чейин айрым саясатчылар: «Конституциянын нормалары бузулуп жатат. Силер партиялык тизме менен шайлоо кылып, жарандарыбыз шайлоо укугуна ээ болгон менен, шайлануу укугунан ажырап калышты. Партияга кирбеген жарандарыбыз депутаттыкка коё албай, укуктары чектелип жатат», — дегенди көп айтышчу. Бүгүнкү күндө, ким болсун кааласа партия менен, кааласа бир мандаттуу округдан талапкерлигин коё алат. Чектөө жок. Тандоо эркин. Дагы бир жагдай, мейли партия менен бар, мейли бир мандаттуу округдан кой, добуш алган гана талапкер депутат болот.

— Сиз партия жетектеген саясатчы катары айтсаңыз, партиялык система Кыргызстанга жарашат бекен өзү? Себеби, алдыдагы шайлоого 75 партиянын катышып жатышы өтө кубана турган окуя эмес…

— Билесизби, Союз тарап экономикалык оор абал өкүм сүрүп, ар бир көчөгө коммерциялык комок ачып калган. Ошол кезде кээ бирлер комогум бар деп мактанчу. Ошол сыңары азыр бизде партия ачкан мода. Тогуз киши менен партия ачып жатышат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Бирок өнүккөн коомдо партиялар болуш керек. Себеби, партия бар жерде өлкөнү өнүктүрүү боюнча программа түзүлөт. Көз караштардын, идеялардын, программалардын атаандаштыгы жаралат. Ошонун негизинде өлкө өнүгөт.

Эгер партиялар жок болсо, бир мандаттуу округдан келген депутат ошол аймактын маселеси менен чектелип, мамлекеттик деңгээлде коомдун үнүн бийликке жеткирүү, саясий атаандаштык болбой калышы мүмкүн. Андыктан партиялар керек. Болгону партиялардын ролун, жоопкерчилигин күчөтүү абзел. Биз бул боюнча мыйзам жазганбыз. Партиянын лидерин праймериз аркылуу шайлоо. Ошондо кадрды өстүрүүгө болот. Лидер элдин алдына кандай программа менен чыгам деп күнү-түнү ойлонот. Өзүн өстүрөт.

Экинчи талап – элдин талап-шартын анализдеген, арыз-муңун уккан ар бир облуста партиянын штабы болушу милдет. Ар бир райондо өкүлчүлүгү болууга тийиш. Ошондо партиялардын жоопкерчилиги артып, саясий атаандаштык жогорулайт. Талап, милдетти мыйзам менен бекемдеп койсок, ошондо жанагы аты бар заты жок, партиянын аталышы гана бар күбөлүктү алып, сейфекке салып койгон көрүнүш токтойт.

— Былтыртан бери пандемия, кымбатчылык, азык-түлүк коопсуздугу оор. Кыш келе жатат. Биз саясат менен алекпиз?

— Негизи азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшү, түздөн-түз Мариповдун күнөөсү. Себеп дегенде Өкмөттө экономиканы, кырдаалды, сырткы абалды, түшүмдүүлүк маселесин, айтор кандай маселе болсун, баарын анализдеген ар тармактын адистеринен, эксперттерден турган армия иштейт. Шартка, ыңгайга жараша тез, ыкчам чечимдерди кабыл алуу зарыл болчу. Азыр жашоо ушундай. Интернет сыяктуу ыкчам иштеш керек. Убакыт күтпөйт.

-Кыргызстан агрардык өлкө деп келебиз. Бирок, өлкөбүз көп мезгилден бери мигранттардын өлкөсүнө айланды. Бул сизди ойлонтобу?

— Мен сизге терең анализди айтып берейин. Биз ЕАЭБге кирдик. Биримдикке кирген мамлекеттердин калкынын саны 200 миллионго чукулдайт. Тилекке каршы, биздин товарлар ЕАЭБдин базараны кире албай калды. Бир гана тигүү жеңил өнөр жайы өз ордун таба алды. Азык-түлүк боюнча, жашылча-жемиштин көлөмү аз, сапаты төмөн болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин маселе көп. Ал эми өзүбүздүн ички рыногубузда керектөөчүлөрдүн саны 4 жарым миллионду араң түзөт. Калкыбыздын саны 6 жарым миллион делген менен эки миллиону сыртта миграцияда жүрөт. Ошол 4 жарым миллионду тейлеш үчүн 1 миллион гана жумуш орун жетет. Бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызматкерлер, өндүрүш, тейлөө кызматы, ресторан, мейманкаларда иштегендер. Демек, 4 жарым миллионго сырта жүргөн 2 миллион ашыкча болуп жатат. Алар иш менен камсыз болуш үчүн керектөөчүлөрдүн саны көп болуш керек. Мына Дубайды алсак, калкынын саны 2 жарым миллион бирок күнүнө кирип-чыккан туристтердин эсебинен 10 миллиондон ашат. Бул 10 миллион керектөөчү бар дегенди билдирет. Биз дагы сыртка кеткен 2 миллион калкка иш орундарды түзөлү десек, ЕАЭБдин базарына биздин өндүргөн продукция терең кириш керек. Экинчиден калкыбыздын саны ыкчам өсүш зарыл. Кыргызстанга келген туристтердин санын агымын көбөйтүш парз. Туристтер келиш үчүн инфраструктураны жакшыртып, бардык шарттарды түзүү милдет. Ансыз болбойт.

Демек, биз миграция маселесин жакынкы жылдары чече албаган соң, сыртка кетип жаткан жарандарыбыз, бир эле Оруссияда иштебестен, айлыгы жогору, шарты жакшы Европа, Америка жана башка өнүккөн өлкөлөргө барып иштегендей кылып, англис, корей, япон тилдерин үйрөтүп, атайын бир кесиптин ээси,  квалификациялуу адис катары даярдай алсак, сыртка кеткен жарандарыбыз кыйналбайт. Алар чет өлкөдө иштешип, тажырыйба, капитал топтоп келип, бул жактан өндүрүш ачып, башка өлкөгө чыгарууга жол ачат.

— Мына эгемен өлкөбүздүн 30 жылдыгын белгиледик. Артыкчылык-кемчиликтерди сөз кылганда, тажырыйбалуу саясатчы катары эмнелерди көздөн өткөрдүңүз?

— Эгемендүү эркин мамлекет болгонубуз башкы сыймыгыбыз. Биз бул эркиндикти бекем кармашыбыз керек. Бизден ар дайым сурашат, сиздер эмнеге байсыздар дешип, мен айтат элем биз эркиндикке байбыз. Ар ким өз оюн эркин билдире алат. Сөз эркиндиги жогорку деңгээлде. Байыркы тарыхыбыз бар. Тамырыбыз тереңде. Көзкарандысыз мамлекет катары «Манас – 1000», «Ош – 3000» деген идеологиялык маанидеги эл аралык деңгээлде, масштабдуу ири иш-чара өткөрүп Кыргызстанды дүйнөгө тааныта алдык. Азыр ООНдо 200дөн ашык мамлекет катталса, ошолор менен бирдей тең укуктуу катарда турабыз.

Албетте, кемчиликтер дагы болбой койгон жок. 0туз жылдан бери мамлекеттик саясий башкарууну туруктуу нукка сала албай жатабыз. Президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өттүк. Кайра президенттик башкарууга кайттык. Мына ушул багытта кемчиликтерди жоюп, экономиканы көтөрүүнүн камын көрүшүбүз кажет.

— Жогорку Кеңеш болушунча отурду. Октябрь окуяларынан бери, Кыргызстандын тышкы жана ички саясатында өтө көп суроону жараткан окуялар болууда. Кымбатчылык, пандемия, жоготуулар, саясый камоолор, Кумтөр, айтор жаңылык көп. Саясатчы катары талдап, анализдеп көргөндө эмнеден жаза басып же эмнеден туура кетип баратабыз деп эсептейсиз?..

— Туура, бир топ окуялар орун алды. Эгерде чынында шайлоодо сын, добуш аркылуу таза жол менен ким бийликке келсе, анда камоолорго барбаш керек. Эгерде кимде ким курал колдонуп бийликти басып алам деген радикалдуу жолду тандаса, ачык айтайын мен андайды колдобойм. Келечекте, бир гана добуш аркылуу элдин тандоосунун негизинде бийлик алмашышы абзел. Революциядан мамлекет алдыга жылбайт. Америкадан мыкты менеджер алып келсек да, эч нерсе кыла албайт.

«Кумтөр» боюнча айтсам, жеке компания башкарабы, же мамлекеттин карамагында болобу, баардык кен байлыктар бир гана мамлекет үчүн, эл үчүн иштеш керек.

Пандемия тууралуу айтканда, 4-октябрдагы нааразычылык бир гана шайлоодон чыккан жок. Себеби тереңде. Коронавирус пандемиясында президент өзү Коопсуздук кеңешинде баары менин көзөмөлүмдө дегенине карабастан, жыйынтыгы кейиштүү болду. Эч даярдык, камкордук жок, жоопкерчиликсиз, шалаакылыктын кесепетинен жоготуулар көп болду. Элибиздин ичи ачышты. Күйүт, ызадан элдин ичи күйүп, бийликке ишеним жоголду. Пандемияга келген 380 миллион доллар максатсыз сарпталып, дайыны чыкпай калды. Ушунун баары элдин нааразычылыгын жаратты. Натыйжада, шайлоодогу мыйзам бузган көрүнүштөрдүн баары биригип 4-окятбрдагы окуя орун алды.

— Садыр Жапаровдун бийлигинин сизге жаккан жана жакпаган жактары?

— Садыр Жапаров менен чогуу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат катары чогуу иштешип калдык. Адам катары мамилебиз бар. Бүгүнкү күндө, бирөөгө жагыш кыйын. Бир жыл иштей электе эле сынга алып, жагат-жакпайт деген туура болбой калат. Азыр эң эле оңой нерсе сын. Бирөө жакшы ойдо болсо, бирөөсү жактырбайт. Эмнеси жакпайт десең көбү айталбайт. Жөн эле жакпайт дешет. Ошол себептен, сын эмес, балким туура жыйынтык чыгарыш үчүн элге туура, так маалымат жеткирүү, туура анализ жүргүзүп берүүнү журналисттер колго алыш керек го деп эсептейм.

— Кыргыз саясатчысынын сапаттары кандай болушу керек деп ойлойсуз?

— Менин оюмча, билими терең, интеллектуалдык деңгээли жогору, дипломат, дүйнөлүк процесстерге сергек анализ жүргүзгөн кыраакы, мамлекетчил болуш керек. Бизде тилекке каршы, жеке өзүн ойлогон көрүнүш көбүрөөк басымдуулук кылып жаткандай туюлат.

— Өзүңүзгө сырттан көз салып көргөндө Бакыт Төрөбаев кандай саясатчы?

— Эми мен өзүмө баа бере албайм. Бир окуяны айтып берейин,  бир жолу иш-чарада досумду көрүп учурашып коёюн деп баратып, ортодон коллегияларым менен саламдашып кармала түштүм. Карасам досум кетип калыптыр. Анан телефон чалдым, «сага учурашып коёюн десем кетип калыпсың» десем, ал мага «эми сен биздейлер менен учурашмак белең, мурдуңду көтөрүп калыпсың» деп нааразы болду. Чындыгында мен учурашып, амандык сурашайын деген жакшы ниетте элем. Кээде, өзүң ойлобогон нерсени да башкалар жаратып коюшат экен. Бирок канткен менен баарына калк тараза. Бааны эл бериш керек.

Маектешкен Канышай Мамыркулова