Бийликтен кулатылган Ооган өкмөтүндө иштеген прокурорлордун айтымында, азыр алар темир тор артына камоого жардам берген кылмышкерлер тарабынан коркутулуп жатат. Коркунучтар талиб согушкерлери август айында өлкөнү басып алуу учурунда туткундарды бошоткондон кийин пайда боло баштаганын «Озоди» радиосу кабарлады.

Мурдагы прокурор азыр аны  өзү  айыптуу деп таап, соттогон кылмышкерлер коркутуп жатканын, алар өздөрү төлөгөн айыптын жана сот тарабынан конфискацияланган мүлктүн кайтарылышын талап кылышканын билдирген.

Ооган адвокаттары «Эркин Европа / Азаттык» радиосуна  билдиришкендей, абактан бошотулгандар буга чейин кеминде үч мурдагы прокурорго кол салып, өч алуу үчүн өлтүрүшкөн.

Аял -прокурорлор өз жумуштарына кайтып келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондугун түшүнүшөт. Кээ бирлери күн сайын коркутуп -үркүтүүлөрдү кабыл алып, коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышканын айтышат.

Кабулда Жамила деген каймана ысым менен прокурор болуп иштеген аялдын айтымында, ал жана анын кесиптештери өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөшүүдө.