Баткен облусунун Лейлек райондук прокуратурасы аталган райондун суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтиришкендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, аталган башкармалыктын кызмат адамдары атайын техника үчүн тетиктерди сатып алуу жана кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жүрүшүндө, мыйзам талаптарын бузуу менен жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкандыгынын натыйжасында, мамлекеттке 151 491 сом зыян келтирилген.

Мындан сырткары, алар 854 401 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 1 005 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.