УКМК коррупциялык, экономикалык кылмыштардан келтирилген зыян үчүн жана өлкөнүн бюджетин толтуруу боюнча, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштер туралуу жалган маалымат таратуу аркылуу, жеке пиар максатын көздөгөн «юрист» Токтакуновдун тастыкталбаган жана негизсиз билдирүүлөрү чындыка дал келбестигин билдирет.

Белгилүү болгондой, учурда улуттук коопсуздук органдары, кызматтын спецификасына карабастан, ачык жана үзгүлтүксүз негизде коррупцияга каршы күрөшүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Тактап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарына республиканын бюджетине кайтарылган зыяндын жыйынды маалыматтары, коомчулуктун кеңири реакциясын жараткан конкреттүү кылмыш иштери боюнча дагы ушундай маалыматтар берилет.

Сынга туруштук бере албаган, Токтакуновдун жалган билдирүүлөрүнүн контекстинде, анын «юрист» деген кесиптик ишмердүүлүгүнө коомчулуктун кызыкчылыгынын жоктугун тартууга багытталган, төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү маанилүү.

Улуттук коопсуздук органдары тергеген кылмыш иштеринин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жазык -процессуалдык мыйзамдар менен так жөнгө салынат, анын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдары тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Анын үстүнө, белгиленген акча каражаттары, жазык иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер кабыл алынгандан кийин, дароо жана толугу менен өлкөнүн бюджетине чегерилет, ал эми зыяндын ордун толтуруу үчүн шектүүлөр өткөрүп берген мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун балансына алынат.

Жакында улуттук коопсуздук органдары коррупция жана экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча эбегейсиз иштерди жүргүздү, «юрист» Токтакуновдун куру сөздөрү жана жалган билдирүүлөрү коомчулукту адаштырып, кара пиар аркылуу коррупцияга каршы жүргузүлгөн саясаттын оң натыйжаларын жаманатты кылууда.