Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди.

Фото администрации президента. Гуманитарный груз, переданный Афганистану

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, гуманитардык жүк Афганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен молдо Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду. Анын жүрүшүндө тараптар Афганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, Афганстандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Абдул Гани Барадар Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ал Афганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганстандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.