“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун “Өнөрлүү айымдар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы социалдык жактан коргоого муктаж, жалгыз бой жашаган 100 айымга тигүүчү машиналар белекке берилди. Бул айымдар бир ай тигүүчүлүк курстан өтүп, теориялык жана практикалык билим алышып, мындан ары ушул машиналарды колдонуу менен үй-бүлөсүн багып кетмекчи.

Иш-чарага долбоордун демөөрчүсү “Ассанабил” ККФду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уюмунун өкүлдөрү катышты.

“Долбоорго 100 айым катышты. Алардын 70не түз тигүүчү машина ал эми 30на 5жиптүү машиналар берилди. Мындан сырткары ар бирине 10м кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылды. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип келчекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлдү”,деп айтылат маалыматта.

“Ассанабил” ККФну мындан сырткары дагы ушундай социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.

Эскерте кетсек, жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары курулуп муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилди.