Ош шаарынын аба майданына учак коноору менен “Такси керекпи такси”-деп бутка чалынган таксисттерден баш адашат. Алардын арасында өзгөчө таксист бар.  Ооба, өзгөчө. Себеби ал башкалардай аэропорттун ичине кирип мага кел деп кардар тосо албайт. Кудайдын буйругу менен  буту баспаган Миразиздин  кардарлары бар. Машинаны эреже бузбай айдаганы үчүн келип олтургандар көп кездешет.  Өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелсе дагы алдыга койгон пландарын, мэриянын курсак тойгузуп бирок аткарбаган убадаларын, тарткан азабын айтып гезитке маек курду.

 

—Миразиз,  биринчи сиз менен таанышып алсак….

—Мен Кара-Суу районунун жараны болом. Учурда Ош шаарында жашап, иштеп жүрөм. ООба, көрүп турганыңыздай мүмкүнчүлүгүм чектелүү. Бирок бул үчүн эч качан  Кудайга нааразы болгон эмесмин, болбойм дагы. Биро жолу муфтий менен сүйлөшүп калсам “Аллах сыноону өзү сүйгөн адамга берет, эч сынба, сен  Кудайдын сүйгөн пендеси экенсиң”-деди. Менин башымдан өткөн кыйынчылыктарды душманыма дагы каалабайм. Үй-бүлөм бар, үч балага атамын. Үчөө тең менин туулган күнүм, 5-январда төрөлүшкөн. Тагыраагы  эки кыз бир уулду тарбиялап жатабыз. Эки кызым мектепке, уулум бала бакчага барат.  Жубайымды тамашалап “сен мени сүйүп тийгенсиң”-деп коём. Чын эле ошондой болгон.

 

—Унааны кантип айдап жүрөсүң, кардарлар түшпөй койбойбу?

—Сиз берген суроону көп беришет. Бирок аэропортто мени тааныган кардарлар көп. Анын үстүнө таксисттер дагы  өздөрүнөн мурун адамдарды менин унаама салып берип турушат. Аэропорттун мурдагы, азыркы жетекчилери дагы сонун мамиле жасашат.  Бул “КИА” үлгүсүндөгү унааны “Датка айымдар” кыздар жамааты белек кылган. Аларга учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдирем. Тамада Эрнис Бөрүбаев себепкер болуп алып калгам. Ага чоң рахмат, аябай сүйүнүп айдап жүрөм. Эрнис көп жакшы иштериме себепкер, эң жакын досум. Чыгармачылыкта досторум көп, келгенде тосуп алам, кетсе узатам. Машинама олтурбай коюшса таарынам. Мен аларды досум болгону үчүн эле бекер жеткиргим келет.

 

—Бул биринчи унааңызбы?

—Жок, экинчиси. Мындан көп жыл мурун  Кара-Суудагы үйдүн жанында кичинекей дүкөн салып аны иштете баштадым.  Алты жылда Ошко машрутка менен каттап, товар алып келип жүрдүм. Андагы кыйынчылыктар жөнүндө сөз жок. Ошентип акча топтоп жүрүп ТИКО алдым да таксист болуп ишке чыктым.  Пендечилик да, ар түрдүү кардарлар болот. Мен майып элем деп өкмөттүн пенсиясын карап, же кайрымдуу адамдардан жардам күтүп олтура бербейм. Өзүм да жактырбайм, эл менсиз да кыйналып жаткан кези. Табиятымдан эле бирөөдөн бир нерсе сураганды жек көрөм. Колдон келсе, өзүм жардам бергим келет.

 

—Мамлекет тарабынан үй-жай каралганбы сизге?

—Тилекке каршы жок. Мелис Мырзакматов мэр болгондон бери үй алууда кезекте турам. “Ооба, эмкиде сизге  үй-жай берилет”-дешет дагы кайра эле убагы келгенде мага батир жетпей калат. Үмүтсүз шайтан дегендей күтүп эле келе жатам. Ар бир мэрдин эшигин кагып үйүмдүн маселесин чечип берүүнү суранып жүрөм. Ушунчалык чарчап да бүттүм. Үмүт кылдырып коюп бербей коюшканы кандай каттуу тийээрин билесиз да. Биздин көңүлүбүз жакшы эле сөз. Башкалардай аман соо болсом, бир грамм суранбайт болчумун. Тилекке каршы үй салууга чамам жетпейт. Мамлекет майыптарга салынган үйдөн эле берип койсо өзүм кыбырап бүтүрүп алмакмын. Жакында 5-октябрда дагы үй берилет экен. Эми жетип калсам деп тилеп олтурам. Үнүмдү жогорудагылар угуп коюшса жакшы болмок. Жыл сайын жалдырап томсоруп калганың жаман. Кудай башкалардын башына салбасын.

 

—Баса, жаңылбасам сиз президент Садыр Жапаровдун үгүт компаниясы Ош шаарында өтүп жатканда дагы үй сурасаңыз керек эле…

—Ооба, эми үзүлбөгөн үмүт, баарыбыз эле президенттен үмүт кылабыз да. Мен дагы ошол чоң үмүт менен сурагам. Ал мэр Таалайбек Сарыбашовго дайындаган. Тилекке каршы ал дагы аткарбай кетти, азыркы мэр эми көзгө илип койсунчу дейт элем. Президентке жеке жолугууну аябай каалайм.  Майыптардын маселесин соо кишилер эч качан жеткире алышпайт. Себеби алар биз тарткан азапты тартпайт, жон териси менен сезбейт. Өкмөттүн пенсиясы укмуш эмес, билесиздер. Эми акчаны аябай төлөгүлө дегенден алысмын. Өзүм деле такси айдап нан таап барам, ачка калган эч ким жок. Бизде деле көңүл бар да. Сыйлыктарда дайыма мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар калып калышат. Ардак грамота, медал дегендерди бизге деле берсе, жашообузга чоң мотивация болмок.

 

—Сиздин бул убакытка чейин басып өткөн жолуңуз аябай эле оор окшойт….

—Жогоруда айтпадымбы, көп кыйынчылыктарды бастым деп. Эне атаң барында эч качан билинбейт экен. Апам каза болгондон кийин алты ай төшөктө жаттым. Ошол азапттуу күндөрдү такыр унутпайм. Тагаларым багып, жашоого кайра аралашып кетүүмө түрткү беришти. Мен дагы эл катары тирүүлүктүн шарданында жашагым келгенин так ошол төшөктө жатканда ого бетер билгем. Анын үстүнө кичине эле кыйналса өлөм дегендерге түшүнбөйм. Өлүм акыры келет, биз деле күрөшүп жашап атабыз. Сынбаш керек эч качан.

 

—Өмүр боюу такси айдабайм деп калдыңыз, келечекте пландарыңызды айта кетсеңиз…

—Майып болуп арабада эле олтурганыбыз болбосо, бизде деле жүрөк, мекенге болгон сүйүү, кызмат кылуу каалоосу бар. Айрымдар көп жерде ишке аралашсак “эми жөн эле коюшпайбы”-дешет. Жок, биз жөн эле койбойбуз.  Парламенттин жыйынын карап көрсөм мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселеси аз каралат. Биз Кудайдын буйругу менен майып болсок, ал жакта көкүрөгү майыптар барып алышат. Мен дагы келечекте буюрса депутат болсом, иштесем дейм. Кичинемде ырчы анан учкуч болгум келчү. Ал кыялым толук болбосо да аздан орундалды.   Аэропортто учуп келгендерди тосуп алам, ырчылар менен мамилем бар. Ыр жазам, чыгармачылыкка аралашып эле жүрөм. Мен жөнүндө “Ашуу ашкан бала”-деген кино тартылмак. Каражаттын жоктугунан токтоп турат.

 

Сезим Мураталиева