Биринчи жолу Омандык изилдөөчүлөр тобу Йемендин «тозоктун кудугу» деп аталган легендарлуу Бархут кудугунун түбүнө түшүштү, деп билдирди France 24.

Табигый кудуктун тереңдиги 112 метрге жетет, бирок бул кара тешикти эмне жашырганы мурда белгисиз болчу.

Миллиондогон жылдык жаратылыштын керемети Оман чек арасына жакыныраак жана Аль Махра чөлүндөгү алп тешик. Кудуктун туурасы болжол менен 30 метр, тереңдиги 112 метр, кээде ал кызыктай жытты бөлүп чыгарат.

Кудук туристтерди өзүнө тартат, бирок жергиликтүү тургундар андан коркушат — уламыш боюнча, жиндер же башка мифтик жандыктар ичинде жашашат.

Илимпоздор адегенде тереңдиктен чыккан кызыктай жытты байкашкан. Кийинчерээк кудуктун түбүндө өлгөн канаттуулар менен жаныбарлардан жыт чыгары аныкталган. Изилдөө учурунда адистер жыландар менен үңкүр берметин да табышкан.

«Эгерде сиз аларга тоскоолдук кылбасаңыз, жыландар сизди тынчсыздандырбайт. Биз суунун, таштын, топурактын жана кээ бир өлгөн жаныбарлардын үлгүлөрүн чогулттук, бирок аларды азырынча анализдей элекпиз»,-дейт геология профессору Мохаммед ал-Кинди.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кудукта көптөгөн тайыз ойдуңдар жана курч таштуу кыркалар бар. Болжол менен 65 метр тереңдикте дубалдын тешиктеринен суу агып, кооз шаркыратмаларды пайда кылат.