Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 29-сентябрда Бишкек жана Чүй облусунун кыргыз күрөшү федерациясынын Президенти Эмил Жамгырчиевдин кубогу болот. Маалыматка ылайык турнирге 9 мамлекеттин балбандары катышат.

Улуттук спортту өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жаштарды сергек жашоого үндөө максатында уюштурулуп жаткан эл аралык мелдешке эки автоунаа байгеге коюлат. Мелдештин ардактуу коноктору биздин сыймыктуу балбандарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровалар болот. Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Кайрат Примбердиевдер коштойт.

Мелдешт Спорт ордосунда өтөт, кирүү акысыз.