Александровка айылында сарайдан өрт чыгып, 15 баш кой жана дан эгиндери күйүп кетти

Чүй облусунун Александровка айылында чоң өрт катталды. Кырсыктын кесепетинен мал-жандык, дан эгиндери, чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ дин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр сарай, 150 чарчы метр бастырма, 400 түк чөп, 1 жарым тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 баш кой күйдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 18:34тө өрт толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.