Бишкекте эртең, 26-сентябрда көпчүлүк көчө жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бул күнү эл аралык «Ак илбирсти сактайбыз» жарым марафону өтөт.
Негизги маршрут (21 чакырым) саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат:
Чүй проспектисинин Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн Иманалиевге чейинки бөлүгү;
Иманалиевдин Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
Масалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
Чыңгыз Айтматов проспектисинин Иманалиевден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.
Жолдордун эрте жабылышына маршрутка хронометраждын электрондук системасын орнотуу, катышуучуларга тамактануу пунктун уюштуруу иш-чараларынын аткарылышы себеп. Маршрут жалпы жонунан үч саатка жабылат.
Андан соң төмөнкү көчөлөр четинен ачыла баштайт:
07:20 — Чүй проспектисинин Эркиндиктен Абдрахмановго чейинки бөлүгү;
07:28 — Абдрахмановдон Горькийге чейин;
07:43 — Байтик баатырдан Ахунбаевге чейин;
07:55 — Байтик баатырдан Масалиевге чейин;
08:11 — Масалиев көчөсүнүн (түндүк тарабы) Советскийден Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
08:25 — Байтик баатырдан Иманалиевге чейин;
08:28 — Иманалиевден Чыңгыз Айтматовго чейин;
08:52 — Чыңгыз Айтматовдон Масалиевге чейин (түштүк тарабы);
09:08 — Масалиев көчөсүнүн (түштүк тарабы) Чыңгыз Айтматовдон «Ала-Тоо» ресторанына чейин;
09:22 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Ахунбаевге чейин;
09:35 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Горькийге чейин;
09:46 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Москвага чейин;
09:51 — Айтматов проспектисинен Чүйгө чейин;
09:55 — Чүй проспектисинен Тоголок Молдого чейин;
10:00 — Чүй проспектисинен Панфиловго чейин;
11:00 — Орозбеков көчөсүнүн Чүйдөн Абдымомуновго чейинки бөлүгү, Абдымомуновдун Орозбековдон Раззаковго чейинки бөлүгү, Раззаковдун Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.