ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун тартибине ылайык ар жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин отурумунда түрк дүйнөсүнө таанымал тарыхый инсандар тандалып алынып, анын чыгармачылыгын жаңы муунга таанытуу максатында ар тараптуу иш-чараларынын планы бекитилип, ишке ашырылышы боюнча аракеттер көрүлөт.

Анда ал инсандын тарыхый жолу кылымдан ашып, ар чейрек кылымга туш келүүсү шарт. Өзбекстандын Хива шаарындагы 2021-жылдын 16-сентябрында өткөн маданият министрлеринин XXXVIII отурумунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жогоруда белгиленген инсандардын катарында Кыргызстандан белгилүү жазуучу, драматург Токтоболот Абдумомуновду сунуштап, министрдин бул сунушу катышуучулар тарабынан колдоо тапты.

Мындай сунуш Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына байланыштуу деп белгилейт министр. Буга ылайык жыл бою аталган инсан тууралуу машстабдуу маданий иш-чаралар уюшулуп, илимий конференциялар менен коштолот. Эске салсак буга чейин казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы, түрк элинин маданий ишмери,акын Юнус Эмренин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 700 жылдыгы белгиленген.

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер, кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке айылында туулган.

Ал бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген.

1939-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик медициналык институтуна өтүп, 3-курстан оорудан улам, таштоого мажбур болгон. Студент кезининен Т.Абдымомунов театрга көп барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арткан.

Чыгармачылыгы «Кумдуу чап»,»Курман» пьесалары менен башталган.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Ал чыгармачылык менен катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Көзү өткөндөн кийин 1991-жылы улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган.

Маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган.

Ал 1989-жылы 67 жашында дүйнөдөн кайткан.