Жалал-Абадда көптөн күткөн “Куран жазы” аттуу Республикалык Куран жарышынын алгачкы күнү башталды. Бул туурасында долбоордун автору: Мухаммадияр кары Курбанбеков билдирди.

Анын айтымында, Куран маданиятын өнүктүрүү жана жайылтуу максатында аймактардан башталган алгачкы жолку уюштурулуп жаткан бул жарыштын жалпы фонду 2 000 000 сом “Бай Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбековдун демөөрчүлүгү менен өтүүдө.

Бүгүн, 25-сентябрь негизги күн болуп ага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баш болгон белгилүү дин аалымдары, каары устаздар жана Өзбекстан,Казакстан,Россия,Йемен,Египед,Иран,Туркия өлкөлөрүнөн да таанымал каары-аалымдардын катышуусунда коштолот!

Кошумча байгелер; эки умра сапарына жолдомо, жеңүүчү каарылардын устаттарына акчалай сый белектер каралган. Сынак Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте өтүп жатат.