Бүгүн, 26-сентябрда Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утту. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн.

Бул жеңиши менен Шевченко алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Енджейчикти жеңип, UFC чемпиону болгон.