Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алган.
Белгилүү болгондой, партиялар үчүн шайлоо күрөөсү 1 млн сомду түзөт. Партиялар 13-октябрга чейин талапкерлеринин тизмесин БШКга өткөрүп бериши керек.
Эске салсак, 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого 72 партия катталган. Башында 75 партия арыз берген. «Эркин Кыргызстан» жана «Эне жүрөгү — Мекен» партияларын каттоодон өткөргөн эмес.