Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериш менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында өткөн.

Министр Казакбаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан Башкы катчынын экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктоосун жеткирди.

Руслан Казакбаев БУУнун Башкы катчысына Кыргызстанда болуп жаткан саясий трансформациялар, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо тууралуу маалымат берди.

Министр Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, тоолуу региондорду өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, экономикалык өнүгүү, жашыл экономиканы куруу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берди жана БУУнун бул багыттарды мындан аркы колдоосун өтүндү.

БУУнун Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын президентинин “БУУ-Борбор Азия” саммитин жана “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын” өткөрүү демилгелерин колдоорун билдирди.

Тараптар Афганистандагы кырдаал эртерээк турукташтырылышынын маанилүүлүгүн талкуулашты жана баса белгилешти.

БУУнун Афганистандагы мекемелеринин уланып жаткан эвакуациясын эске алуу менен, кыргыз тарап аларды Бишкекке убактылуу жайгаштырууга даярдыгын билдирди.

Башкы катчы Гутерриш Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектерин айтты жана жакын арада аны менен жолугушууга ишеничин билдирди.