Кара-Суу районунда жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары У.К., С.Н. жана А.К. аттуу жетим балдардын ар бирине үй куруу үчүн 0,06 га жер тилкелери бөлүнүп берилди.

“Жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Турак жайы жок жетим балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына талап келтирилген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, аталган айыл өкмөттүн чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, аларга укук күбөлөндүрүүчү документтер берилди.