Улуу Британиядагы май куюучу жайлардан үчүнчү күнү жолдордо машиналардын эбегейсиз  узун кезектери жаралып, жол кыймылына тоскоолдук жаратууда. Бензин түгөнгөн жерде гана кезек жок.

Би -Би -Синин маалыматы боюнча, кээ бир май куюучу жайлардагы атмосфера ушунчалык чыңалып кеткендиктен, айдоочулардын жүзүнөн кыжырданууну  байкоого болот.

Бул көрүнүш, кризис  күйүүчү май тармагына жайылгандыгы тууралуу маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин , жума күнү орун алган.

Бийлик өлкөдө бензин жетиштүү деп ишендирет. Тармактык эксперттер бензин бар экенин, бирок, аны май куюучу станцияларга жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралганын, анын себебин  күйүүчү май ташыган айдоочулардын жоктугу менен түшүндүрүшүүдө.

«Британияда күйүүчү майдын тартыштыгы боюнча эч кандай маселе жок, бирок өлкөдө күйүүчү майды белгиленген жерге жеткирүү үчүн айдоочулар жетишсиз. Июлдун аягында Автомобиль ташуучулар ассоциациясы өлкөдө 100 миң жүк ташуучу айдоочу жетишпей жатканын эскерткен. Бул алардын көпчүлүгү Улуу Британиядан Brexitтен кийин кеткендигине байланыштуу болду жана миңдеген жаңы айдоочулар коронавирустук пандемия учурунда кулап калуу менен татаалдашкан лицензиялык тесттен өтүүнү күтүп жатышат»,- де айтылат маалыматта.