2021-жылы 27-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согдий облусунун башчыларынын жана тараптардын чек ара жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстандын жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаран У.Мирзоев Кыргызстанга “Кулунду – унаа жолу” чек ара бекети аркылуу келди. Кыргызстандын тиешелүү органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн Тажикстандын атайын кызматы келинчеги менен коңшу өлкөгө барган Баткен облусунун жашоочусун кармап калган.